Оюна, оозуна келгенди оттоп сөгүнүү, оозго алгыс ыплас сөздөрдү айтуу, тилдөө, каргоо. Орозкулдун оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, атасынын көзүнчө кызын дөбөт жыттабас канчык, күнү бүткүчө кысыр калган эшек деп, ...сөгүп жатканын аргасыздан... уккан тура (Айтматов). Калыйпа катындык кылып алкынып, оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан күндө да бир кебелип койгон эмес (Бердикеев). ...Туш келген жерден апчылашып, тытышып, үзүшүп, ооздорунан ак ит кирип, кара ит чыгып дегендей болушуп, суй жыгылышканча элге арача беришпей ажаандашыптыр (Медетов). Кемпир мага ооз ачырбады. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатты (Айтматов).
Оюна, оозуна келгенди оттоп сөгүнүү, оозго алгыс ыплас сөздөрдү айтуу, тилдөө, каргоо. Орозкулдун оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, атасынын көзүнчө кызын дөбөт жыттабас канчык, күнү бүткүчө кысыр калган эшек деп, ...сөгүп жатканын аргасыздан уккан тура (Айтматов). Калыйпа катындык кылып алкынып, оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан күндө да бир кебелип койгон эмес (Бердикеев). Туш келген жерден апчылашып, тытышып, үзүшүп, ооздорунан ак ит кирип, кара ит чыгып дегендей болушуп, суй жыгылышканча элге арача беришпей ажаандашыптыр (Медетов). В.: Оозунан ак ит кирип, сары ит чыгуу. – Аа балдарыңа! ... – деп бакылдаган үнү менен сөгүп, оозунан ак ит кирип, сары ит чыкты («Ала-Тоо»).
к.
ООЗУНАН АК ИТ КИРИП, КАРА ИТ ЧЫГУУ
- Аа балдарыңа! ... - деп бакылдаган үнү менен сөгүп, оозунан ак ит кирип, сары ит чыкты («Ала-Тоо»).